С. Нааматов атындагы
Нарын мамлекеттик университетинин
окуу башкармалыгы

Окуу башкармалыгы

Окуу башкармалыгы С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат жана өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарына жана тескемелерине, ректордун жана окуу иштери боюнча проректордун буйруктарына жана көрсөтмөлөрүнө, ошондой эле НМУнун Окумуштуулар кеңешинин жыйындарында кабыл алынган токтомдорго жана чечимдерге жетекчилик кылат.

Максаттары жана негизги милдеттери

Окуу башкармалыгынын негизги максаттары — Нарын мамлекеттик университетинде жүзөгө ашырылып жаткан даярдоо багыттары жана адистиктер боюнча билим берүү программаларына, ошондой эле жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык студенттерди даярдоонун окуу процессин камсыз кылуу болуп саналат.

Окуу башкармалыгынын негизги милдеттери:

  • Нарын мамлекеттик университетинде окуу ишин уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
  • Окуу жылына карата окуу процессин пландаштыруу;
  • Окуу сабактарынын бардык түрлөрүнүн өткөрүлүшүнө контролду жүргүзүү;
  • Сабактардын жүгүртмө (расписание)сын түзүү;
  • Профессордук-окутуучулук курамдын педагогикалык жүктөмүн эсепке алуу;
  • Студенттер контингентин кыймылын (кабыл алуу, которуу, чыгаруу) эсепке алуу;
  • Отчеттук маалыматтарды даярдоо.

Билим берүү программалары

Шифр Даярдоо багыттары Билим берүү деңгээли Профили Окуу формасы
2 610200 Агрономия Бакалавриат Агрономия Күндүзгү
4 550300 Английский язык Бакалавриат Английский язык Күндүзгү
4 550300 Английский язык Бакалавриат Кыргыз тили жана адабияты Күндүзгү
5 550100 Естественно научного образования Бакалавриат Биология Күндүзгү
7 710100 Информатика и вычислительная техника Бакалавриат АСОИ и У Күндүзгү
8 710300 Колдонмо информатика Бакалавриат Экономикадагы колдонмо информатика Күндүзгү
10 550600 Көркөм билим берүү Бакалавриат Көркөм өнөр Күндүзгү
11 580600 Логистика Бакалавриат Транспортная логистика Күндүзгү
12 100105 Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу Орто кесиптик Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу Күндүзгү
13 580200 Менеджмент Магистратура Аграрный менеджмент Күндүзгү
13 580200 Менеджмент Магистратура Бизнес администрирование Күндүзгү
13 580200 Менеджмент Магистратура Менеджмент образования Күндүзгү
13 580200 Менеджмент Магистратура Финансовый менеджмент Күндүзгү
14 550700 Педагогика Бакалавриат Башталгыч билим берүү Күндүзгү
14 550700 Педагогика Бакалавриат Мектепке чейинки билим берүү Күндүзгү
15 550400 Социалдык-экономикалык билим берүү Бакалавриат Тарых Күндүзгү
16 610600 Технология производства и переработки сельскохозяйственной продукции Бакалавриат Технология производства и переработки продукции животноводства; Технология производства и переработки продукции растениеводства Күндүзгү
17 670300 Технология транспортных процессов Бакалавриат Организация и безопасность дорожного движения Күндүзгү
18 550200 Физико-математическое образование Бакалавриат Информатика Күндүзгү
18 550200 Физико-математическое образование Бакалавриат Математика Күндүзгү
19 532000 Физическая культура и спорт Бакалавриат Физическая культура и спорт Күндүзгү
20 520800 Экология и природопользования Бакалавриат Экология Күндүзгү
21 580100 Экономика Бакалавриат Бухгалтерский учет, анализ и аудит Күндүзгү
21 580100 Экономика Бакалавриат Финансы и кредит Күндүзгү
22 640200 Электроэнергетика и электротехника Бакалавриат Электростанции Күндүзгү